КР Акыйкатчысынын ММК өкүлдөрүнө кайрылуусу

03/04/2020 - 17:16

Урматтуу журналисттер, өз кесиптик ишмердигин Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзгөн бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерге бүткүл дүйнөдө, анын ичинде биздин өлкөдө COVID-19 жайылышына байланыштуу жагдай боюнча кайрылуудамын. Ар бириңерден стратегиялык көрөгөчтүктү жана кесиптик жетиктикти, ар бир аудио, көрмө жана тексттик  маалыматтарыңардагы ар бир сөз үчүн жооптуу мамиле кылууга чакырам. Анткени бүгүнкү күндө көп нерсе  маалымат айдыңында эмгектенген адамдардын аракетине да жараша болот.

Бүгүн биз Кыргызстандын жана анын калкынын бүгүнкүсү жана эртеңкиси үчүн жооптуу экенибизди жакшы түшүнүп, жеке жана жарандык жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Бүгүнкү күндө ММКнын башкы принциптеринин бири - “Көмөктөшөм деп зыян келтирип албоо” болушу керек десем, мени менен макул болсоңор керек. Анткени ар бир текшерилбеген, тастыкталбаган же жалган маалымат, ошондой эле аша чаап, ашкере эмоцияга берилген маалымат тескери залакаларга алып келиши мүмкүн. Коркуу, дүрбөлөң,  көзөмөлдөнбөгөн ачуу жана аффект абалы сыяктуу сезимдерге же эмоцияга түртүүчү маалыматтарды чыгаруу, программалоо жана нускалоо, ал кандайдыр бир жакшы ниет менен жасалса да,  өзгөчө бүгүнкүдөй өзгөчө абал учурунда жол коюлгус.

Ар бирибиз өзүбүздүн өмүрүбүз жана ден соолугубуз үчүн гана эмес, биздин айланабыздагы адамдардын да: үй-бүлө мүчөлөрүбүздүн, кошуналардын, достордун тааныштардын, ошондой эле дүкөндөрдө, ооруканаларда, аптекаларда жана көчөлөрдөгү адамдардын да өмүрү жана ден соолугу  үчүн ар бирибиз жекече жооптуубуз.

Урматтуу журналисттер, учурда эгер коронавирус илдети тууралуу гана токтолуп, азыркы учурдагы жазгы талаа жумуштары жана башка айыл чарба иштерин да унутта калтырбоону сунуштаар элем. Бул тууралуу биздин мекендештерибиздин: окурмандарыбыздын, угармандарыбыздын жана көрүүчүлөрүбүздүн  эсине сала жүрүүгө чакырам. Анткени жаздын бир күнү жылга тете деп айтылат эмеспи. Эгер баары эле коронавирус темасына ыктап, айыл чарба менен алектенбесе, эгин айдап, нан бышырбасак алдыдагы күз жана кыш бир топ олуттуу залакаларга  алып келээри белгилүү.

Албетте, жагдайдын канчалык олуттуулугун, ошондой эле Кыргызстандын ар бир жараны тарабынан санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди, өздүк гигиенаны, ден соолук коопсуздугун жана киргизилген карантиндик режимдин маани маңызын түшүндүрүү да маанилүү.

Өзгөчө абал учурун, “коменданттык саат” убагын үй-бүлөлүк баалуулуктарды аздектөө, үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдоочу, бири-бирине колдоо көрсөтүү, өз балдарын жакшы түшүнүү, алардын ички дүйнөсүн, келечек муундун кызыкчылыктарын жана ой-санаасын түшүнө билүүгө жумшоонун да өзгөчө маанилүүлүгүнө басым жасоо зарыл деп эсептейм.    

Мындан тышкары, мамлекеттик бийликтин бардык органдарына жана өкүлдөрүнө кайрылып, алардан КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерин, анан ичинде “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамынын талаптарын жоопкерчилик менен аткарууга чакырам, ММК өкүлдөрү сураган маалыматтарды тоскоолдуксуз жана ыкчам жана толук өлчөмдө берүүгө тийиштигин эсине салам.  

Биз, кыргызстандыктар, оор сыноолордон жана кыйын кезеңдерден далай жолу өткөнбүз жана бул сыноолордон абийирдүүлүк жана ар намысыбыз менен жеңүүчү болуп чыкканыбызды эске салгым келет.

Азыр да COVID-19 коронавирусу менен күрөшүү сыноосунда чыдамкайлык жана сабырдуулук менен жеңип чыгаарыбызга терең ишенем.

Баарыбызга сабырдуулук, даанышмандык, биримдик жана тартип зарыл. Бийликтин бардык бутактарынын жана элибиздин биргелешкен чогуу чаран аракеттеринин натыйжасында биз жеңишке жетебиз. Маалымат айдыңынын өкүлдөрү бул жеңишке шыктандыруучу күч болушу керек деп эсептейм.  

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов