КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы жардамчысы жоголгон мекендешибизди таап, аны Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөк көрсөттү

24/02/2020 - 16:03

КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы жардамчысы Бакыт Садиров жердешибиздин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө көмөк көрсөттү.

Буга чейин  социалдык тармактардан белгилүү болгондой  Кыргызстанда төрөлгөн, бирок Россиянын жарандыгын алган мекендешибиз Н.К.ны достору жана туугандары издеп жатканы белгилүү болгон. Ал тууралуу акыркы маалымат Н.К. Кореяга иштеп келүү үчүн кетип, ошол бойдон дайынсыз эле. Анын кайсы жердже экендиги белгисиз болуп, аны менен байланыш такыр үзүлгөн эле.  

КР Акыйкатчысынын өкүлү РФ укук коргоо органдары менен байланышканда маалым болгондой, ал Кореядан депортацияланып, Владивостокко учак менен келген. Бирок ден соолугунун абалына байланыштуу Приморье крайынын Заречная поселогундагы психиатриялык бейтапканага жаткырылганы маалым болду.  

Бакыт Садиров аталган бейтапканага барып, Н.К. менен жолугушканда, ал Кореяда ден соолугу начарлаганын, бирок кантип Владивостокко келип калганын билбей турганын айткан.  Акыйкатчынын өкүлү аталган дарылоо мекемесинин башкы врачы менен жолугуп, Н.К.ны ооруканадан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулаган, аны Кыргызстанга туугандарына жөнөтүү зарылдыгы сүйлөшүлгөн.  Б.Садировдон тиешелүү кепилдиктерди алгандан кийин жана тийиштүү документтер таризделгенден кийин Н.К. ооруканадан чыгарылып, 2020-жылдын 20-февралында Ош шаарына жөнөтүлгөн. Учурда ал Ош шаарында үй-бүлөсү менен турат.