КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы кеңешчилери Covid-19 коронавирусуна байланыштуу Кыргызстандын эмгек мигранттарынын Россиянын аймагындагы көйгөйлөрү тууралуу айтып беришти
06/04/2020 - 21:23
«Sputnik.kg» маалымат агенттигинде жарыяланган материалда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы кеңешчилери Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын маселелери тууралуу айтып беришти. Атап айтканда, КР Акыйкатчысынын РФнын Урал федералдык округу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Саха (Якутия) Республикасындагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана башкалар Covid-19 коронавирусуна байланыштуу Кыргызстандын эмгек мигранттарынын алдында пайда болгон жаңы көйгөйлөр жана андан чыгуунун жолдору тууралу ой бөлүшкөн (Материал менен төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар).