КР Акыйкатчысынын Борбордук Федералдык округ жана Москва шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү КР Омбудсменинин тапшырмаларын өз убагында ийгиликтүү аткарат

06/04/2021 - 15:07

КР Акыйкатчысынын БФО жана Москва шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ыманбек Суранчиев кабарлагандай, ал Акыйкатчы Токон Мамытовдун тапшырмасы боюнча “Центральный” үй-бүлөлүк тарбияга көмөктөшүү борборуна барып, ал жерде Борбордун жетекчиси Татьяна Телегина менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Борбордо каралып жаткан кыргызстандык ымыркайлардын абалынан жана ден соолугунан кабар алды.

Т.Телегина менен маектешүү учурунда белгилүү болгондой, Борбордогу ар бир наристе (анын ичинде кыргызстандык наристелер да бар) үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн, балдар минут сайын квалификациялуу персоналдын (тарбиячылардын) жана дарыгер-педиатрлардын камкордугуна бөлөнгөн, аларга ар тараптуу жана зарыл болгон дарыгерлик жардамы көрсөтүлүп турат..

Ыманбек Суранчиев өгөчө баса белгилегендей, мурда Россия Федерациясынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында эмгектенген, учурда ушул Борбордун жетекчиси Т.Телегинанын астейдил аракетинен бул мекемедеги балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, материалдык жактан талаптагыдай камсыз болгон, алты айдан ашкан бөбөктөрдүн ар бирине жакшы жабдылган имаратта өзүнчө керебет орундуктар каралган.

Мындан сырткары, Ыманбек Суранчиев жетектеген “Укук империясы (Империя права)” юридикалык фирмасы тарабынан кичинекей бөбөктөргө Россия Федерациясынын мыйзамдарына жана КР Акыйкатчысынын БФО жана Москва шаары боюнча коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен түзүлгөн келишимге ылайык учурдагы материалдык камсыздоо, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аталган Борбордо убактылуу күн кечирип жатышкан кичинекей бөбөктөрүнүн андан аркы тагдыры жана учурдагы  материалдык жардам маселелери чечилүүдө..

Ыманбек Суранчиев кошумчалагандай, “Укук империясы” ЮФ жогоруда аталган Борбордогу балдардын эс алуусу үчүн ыңгайлуу болгон жабдууларды алуу жана монтаждоону каржылоого киришти.