КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин бир тобу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы социалдык мекемелерге мониторинг жүргүзүшүүдө
Бул күндөрү КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин бир тобу Омбудсмен аппаратынын иш планына ылайык Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иш сапарында жүрүшөт. Мониторингдик топтун курамына Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөө укуктарын коргоо бөлүмүнүн жана Психиатриялык мекемелердеги пациенттердин укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрү кирген. Алар иш сапар учурунда аталган аймактардагы социалдык мекемелерде балдар укуктарынын сакталышына, ал жердеги жашоо шарттарына, тиричилик, санитардык абалына жана башка социалдык маселелерге көңүл бурушат.
Азыркы күнгө карата алар Ош областынын Өзгөн, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарындагы балдар тарбияланып жатышкан мекемелерине, Ош областык психикалык ооруканага мониторинг жүргүзүштү.
Ар бир мекеменин жетекчилери менен баарлашып, мекемедеги абал менен жеринде тыкыр таанышышты.
Ош шаарындагы өткөрүлгөн мониторингдер Акыйкатчынын Ош өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.