КР Акыйкатчысынын бир катар кызматкерлери КР ИИМ ведомстволук сыйлыктарына ээ болушту

28/07/2021 - 15:15

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын эксперттик-укуктук иштер боюнча бөлүм башчысы Урмат Аралбаев Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен жигердүү тыгыз кызматташуу жүргүзгөндүгү үчүн ошондой эле, 27-июнь Кыргыз Республикасынын Юристтеринин кесиптик күнүнө карата ИИМ министри, милициянын генерал-майору У.Ниязбековдун буйругу менен ИИМдин “Шериктеш” медалы менен сыйланды.

Ошондой эле ИИМдин Ардак громатасы менен Акыйкатчы аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан эркиндиги чектелген жана ажыратылган жайларда адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүнү жетектөөчү адиси Чыңгыз Доронбеков жана Жыйынтыктап талдоо, пландаштыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн эксперти Нуржигит Сулайманов сыйланышты.

Алган сыйлыгыңар кут болсун, кесиптештер!