КР Акыйкатчысынын Баткен облустук өкүлчүлүгү чек арага жакын айылдарда мониторинг жүргүзүштү
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакка байланыштуу КР Акыйкатчысы Т.Мамытов Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө жерине барып мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берген.
КР Акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү 14-март күнү Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында болуп, жергиликтүү эл менен жолугушкан.
Алар мамлекеттик органдардын иштерине мониторинг жүргүзүшкөн. Чек арачылар менен жолугуп сүйлөшүшкөн, ошондой эле Баткен гарнизонунун жетекчилиги жана ички иштер органдарынын жетекчилери менен жолугушкан.
Белгилеп коюучу жагдай, бул күндөрү облустук жетекчилик, ички иштер органдарынын кызматкерлери, “Тез жардам” кызматы уюшкандыкта, астейдил иштешкен.
Акыйкатчынын өкүлдөрү Баткен облусундагы биргелешкен ооруканага барып, чек арадагы жаңжалдан жаракат алган жарандарыбыздан кабар алышкан. Баткен РИИБ кызматкери 1979-жылы туулган Жаныкулов Уланбек Мамадалиевич, Ак-Сай айылынын тургуну Тойчиев Акылбек Ташбалтаевич менен жолугуп сүйлөшүшкөн.
1988-жылы туулган Жороев Нурбек оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыктан, анын атасы менен жолугуп сүйлөшүшкөн. Ошондой эле дарылоочу дарыгер Сулайман Эсенов менен жолугушкан.
Акыйкатчынын өкүлдөрү №57 кесиптик лицейге барышкан, ал жерде чек арага жакын айылдын тургундары жайгаштырылган эле. Акыйкатчы өкүлдөрү барган учурда, ал жерде 89 адам болгон. Алардын ичинен 1 жаштан 14 жашка чейинки балдар – 48, 14 жаштан 18 жашка чейинкилер-13, 18 жаштан жогорулар -28. Аялдардын саны 32.
Убактылуу баш калкалоо жайындагыларга медициналык кызматкерлер медициналык жардам көргөзүп, ошондой эле алардан КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери кабар алып турушкан.
КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жергиликтүү калктын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү улантышууда.