КР Акыйкатчысынын Аппаратынын кызматкерлери ТИЗО №1 барып Алексей Петрушевскийге жолугушту

01/07/2019 - 14:50

Бүгүн 2010-жылдын 1-июлунда Акыйкатчы аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы жана аскер кызматчыларынын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери ТИЗО №1 барышып, Бишкек ш. Мэриясынын алдындагы Кароосуз калган жаштар жана балдар борборунун мурунку директору Алексей Петрушевскийге жолугушту.

Сүйлөшүү учурунда А. Петрушевский ЖАМК кызматкерлери тарабынан ага эч кандай кысуулар жок экенин, бирок ТИЗО ичиндеги шарттар ден-соолукка зыян алып келиши мүмкүн экенин, себеби 5 жолку операциядан кийин кыйла алсырып калганын айтты. Атап айтканда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери А. Петрушевскийдин боорунун 1/3 бөлүгү алынгандыктан, боор менен өтүнүн оорусу күчөп, операция болгон жери тигишинен ажырап кетпеш үчүн дайыма дары ичип, дырыгердин көзөмөлүндө болуп, таза абага сейилдеп турушу керектигине маалымдар болушту. Ошондой эле анын ден-соолугу калыбына келиш үчүн атайын тамактандыруу жана тиешелүү эс алдыруу режими талап кылынат.

Ооруканага же жок дегенде үйгө шартына чыгып дарылануу зарыл экендигин айыпталуучунун апасы Римма Петрушевская дагы ырастады. Анын айтымында абактагы режим аны өлүмгө алып барышы мүмкүн. Айтылган арыз боюнча тийиштүү иш жүрүп жатат.

Акыйкатчы аппараты Бишкек шаардык сотунан А. Петрушевскийдин баш коргоо чарасын «№1 ТИЗО кармоону» «үй камагына» өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону суранат.