КР Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкери КР УКМКнын ТИЗОсунда кармалган М.Ураимовго барды

10/02/2022 - 12:10

Кечээ, 2022-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын тиешелүү бөлүмүнүн кызматкери КР УКМКнын ТИЗОнун УКЖна барып, Мирлан Ураимовдун ден соолугунан кабар алып, камактагылардын абалы менен таанышты.

Кармалган М.Ураимов КР УКМК кызматкерлери тарабынан ага карата атайылап жана ырайымсыз мамиле болбогонун, физикалык жана психологиялык жактан эч кандай таасир тийгизбегендигин билдирди. Ал камакка алынгандан кийин сурактарга адвокат келип, катышты.

М.Ураимовдун камакта кармоо шартында эч кандай мыйзам бузуулар табылган жок.