КР Акыйкатчысына Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБ кызматкерлери ур-токмокко алып, кыйнашты деген арыз түштү

21/06/2019 - 16:07

КР Акыйкатчысы Токон Мамытовдун атына учурда Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан № 31 түзөтүү колониясында жаткан Б.А. аттуу жарандан арыз түштү.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №31 түзөтүү колониясын текшерип жүргөн учурда арыздануучу айткандай, 2018-жылы 20-майда каза болгон жакшы тааныбаган Н.С. аттуу жарандын өлүмүнө шектелип, 20118-жылдын 29-октябрында Бишкек ш. Ленин райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кармалган Б.А. ырастагандай, 2018-жылдын 20-майынан 17-августка чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылындагы Б аттуу жарандын үйүндө курулуш тармагында иштеп жаткан. Аны Б аттуу жаран Б.А. сөздөрүн териштирүү учурунда тастыктап берген.

Арыздануучу ошондой эле, 2018-жылдын 29-октябрында кармалып, 31-октябрда Бишкек ш. Ленин соту тарабынан камактан чыгарылган айткан. Бирок, милиция кызматкерлери соттун чечимин эске албай, Б.А. спирт ичимдигин ичкен деген шылтоо менен наркология бөлүмүнө алып барышкан, ал жерден врач-нарколог милициялар сураган тастыктаманы (справка) берип, андан кийин кайрадан убактылуу кармоочу жайга алып барышкан. Ал жерден ИИБ кызматкерлери ага физикалык күч колдонушуп, уруп-сабап Н.С. өлүмүн мойнуна алдырууну көздөшкөн.

Бул арыз учурда Акыйкатчы аппаратынын көзөмөлүнө алынып, тийиштүү иш-аракеттер көрүлүп жатат.