КР Акыйкатчысы жана “Гемотест” ЖЧКсы соттолгон аялдын жакындарына жардам көрсөтүштү
2021-жылдын 12 -майында "115 шыр байланыш" кызматына Степное айылында жайгашкан №2 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан жаран А.Г.дан маалымат келип түшкөн. Кайрылууда ал мекеменин атайын комиссиясы жазаны өтөө режимин жатак-колонияга өзгөртүүдөн баш тартып жатканын айткан.
21-майда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №2 түзөтүү колониясына барышты. Сүйлөшүү учурунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясы А. Г.ны эмне үчүн жатак-колонияга которуудан баш тарткан себептери аныкталган. Сүйлөшүү учурунда арыз ээси эки жылдан бери көрбөгөн балдары жана небереси менен жолугушууну уюштурууну суранган.
Камакта кармалып турган адамдар менен жолугуш үчүн баргандар COVID-19 үчүн ПТР -тестинин жыйынтыгын бериши керек. Аялдын үй-бүлөсү аз камсыз болгондуктан, көрсөтүлгөн медициналык процедураны төлөй албасын эске алып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов “Гемотест КГ” ЖЧКсынын жетекчилигине арыз ээсинин туугандарына акысыз негизде: Ж. А. 1995 ж. т. (арыз ээсинин кызы), А. К. 2012 ж. т. (уулу) жана Э. А. 2016 ж. т. (небереси) COVID-19 үчүн ПТР- тестин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүү өтүнүчү менен кайрылды.
“Гемотест КГ” ЖЧКсынан жооп алынды, анда “Гемотест КГ” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) 06.08.2021-жылы ПТР тестин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча кайрылуусун карап, аны канааттандырууну чечкени айтылган. “Гемотест” лабораториялык бөлүмдөрүндө ПТР тестин тапшыруу үчүн 2021 -жылдын 30 -июнуна чейин колдонулушу керек болгон үч акысыз сертификат бөлүнгөн. Соттолгондордун туугандарында ПТР- тесттин жыйынтыгы терс болуп чыкты.
Арыз ээсинин кызынан КР Акыйкатчысы Т.Мамытовдун атына ыраазычылык кат келди. Анда ПТР-тестти акысыз негизде уюштуруп, өткөрүп бергени үчүн "Гемотест" ЖЧКсынын жетекчилигине ыраазычылык билдирди, ошондой эле апасы менен жолугушууну уюштурууга жардам бергени үчүн Акыйкатчыга ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде, КР Акыйкатчы аппараты ПТР тестин акысыз өткөргөнү үчүн "Гемотест" ЖЧКсына ыраазычылыгын билдирет.