КР Акыйкатчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жана сот органдарынын бардык тутумдарын КР Конституциясында кепилденген жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин урматтоого чакырат

05/03/2022 - 15:14

Сөз эркиндиги - бул Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан берки эң башкы жетишкендиктеринин бири. Бул жетишкендикти эл аралык коомчулук жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр да баса белгилешет. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги, сөз эркиндиги жана ар бир жаран оз ой-пикирин ачык-айкын билдирүү эркиндиги, Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген, аларды так жана кынтыксыз сактоо эгемендүү эркин, укуктук жана демократиялык мамлекеттин негизги көрсөткүчтөрү катары кабыл алынат.

Азыркы учурда, NextTV телеканалына карата жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарынын шашылыш иш-аракеттерине, тактап айтканда төмөнкү жагдайларга карата УКМК тараптан укуктук баа берилишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) өз тынчсыздануусун билдирет:

-  жарыялоонун мазмунуна (экспертизанын жүргүзүлүшү жана анын жыйынтыктары ошол эле дайындалган күнү даяр болгондугуна);

- маалыматтык материалды жарыялаган субъектти аныктоо, анын Next TV телеканалына  түздөн-түз тиешеси;

- айыптоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негиздүүлүгү, анын тактыгы, жана телеканалдын көрсөтүүсүнүн жабылышы.

Акыйкатчы төмөнкүлөргө чакырат:

-укук коргоо жана сот органдарын жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге карата чечим кабыл алууда, мамлекетибиздеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиктеринин сакталышы тууралуу конституциялык кепилдиктерди жетекчиликке алууну;

- сот органдары Next TV телеканалына карата укук коргоо органы тарабынан көрүлгөн жана пландаштырылган иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна, анын шайкештигине жана зарылчылыгына укуктук баа беришин жана бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин чечүүдө иштин бардык жагдайларын эске алууга.

Акыйкатчы NEXT TV телеканалы боюнча маселени өз көзөмөлүнө алгандыгын жана адвокаттар менен тыгыз байланышта экендигин, ошондой эле,  Акыйкатчы институтунун тийиштүү кызматкерлери КР УКМКнын ТИЗОсуна барып, NEXT TV  телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиевге жолугушуп келишкендиги тууралуу маалыматты билдирет.