КР Акыйкатчысы “Тумар ФМ” радиосунун түз эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берет

22/04/2020 - 15:45

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов жана Акыйкатчы Институтунун тармактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ар жуманын төртүнчү күнүндө (бейшемби) саат 11-00дөн 12ге чейин “Тумар ФМ” радиостанциясынын түз эфиринде  Кыргызстандын жарандарынын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталыш абалы тууралуу  угармандардын суроолоруна жооп беришет.

Эртең 23-апрелде КР Акыйкатчысы Токон Мамытовго түз эфир аркылуу кайрылып, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында бузулган же чектелген укуктарыңыз боюнча кайрылып,  укуктук кеп-кеңештерди алсаңыз болот. Радио-эфирлер ошондой эле “Facebook” жана “Instagram” социалдык тармактарынын  беттеринде да  чыгарылат.

Бул радио-долбоор Европа Биримдигинин колдоосундагы Макс Планка (Германия) фонду тарабынан Борбордук Азиядагы Евразия фонду менен өнөктөштүктө ишке ашырылат. Бул түз эфирлер калктын укуктук маалымдуулугун арттырууга салымын кошуп, республикабыздын ар кайсы аймактарынан калктын  Акыйкатчыга түз  кайрылуусуна мүмкүнчүлүк түзмөкчү.