КР Акыйкатчысы Токон Мамытовдун Республиканын айрым аймактарында өзгөчө абал жарыяланганына байланыштуу ММКларды аккредитациялоого байланышкан жагдай боюнча комментарийи

31/03/2020 - 17:26

Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев тарабынан  ММК каражаттарына  аккредитациялоо берүүдөн баш тартканы боюнча талаш-тартыштардын жүрүп жатканы боюнча Акыйкатчы (Омбудсмен) бул маселе боюнча өз түшүндүрмөлөрүн берди.

КР Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Мындан сырткары, “Өзгөчө абал жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 17-беренесинин 9-пунктуна ылайык, өзгөчө абал киргизилген аймакта журналисттерди аккредитациялоонун өзгөчө тартибин жана алардын иштөө тартибин белгилейт, Өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты көрсөтүлгөн аймактын комендатурасын жетектөөнү жүзөгө ашырат. Комендатуранын иши өзгөчө абал киргизүү жөнүндө актыны кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

Аккредитациялоо институту ММК менен маалымат булагы катары чыгып жаткан уюмдун ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салууга багытталган.  Ушуларга байланыштуу “Өзгөчө абал жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 17-беренесинин 9-пунктунун жоболорун ишке ашыруунун алкактарында  Кыргыз Республикасынын тиешелүү аймактык-ажминистративдик бөлүктөрүндөгү коменданттар тарабынан токтоосуз түрдө тийиштүү аймактарда журналисттерди аккредиттөөнүн тартибин иштеп чыгуусу жана алардын иштөө тартибин белгилөөсү керек. Мындай тартип, коомдук коопсуздуктун кызыкчылыктарында дистанттык мүнөздө болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да, комендант тарабынан журналисттерди аккредиттөөнүн өзгөчө тартиби тиешелүү ченемдик акт түрүндө бекитилиши керек жана  жогоруда аталган Конституциялык мыйзамдын 17-беренесине ылайык коомчулукка жеткирилиши керек.