КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Сербия Республикасынын Нови Сад шаарына иш сапарында кесиптештери менен жолугушту
03/09/2021 - 14:54
2021 -жылдын 2 -сентябрында Сербия Республикасынын Нови Сад шаарында Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов ар кайсы өлкөлөрдөгү кесиптештери менен жолугушту. Атап айтканда, Россия Федерациясындагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Москалькова, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ф.Эшматова, Свердлов облусундагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Мерзлякова жана Россия Федерациясынын башка субъекттериндеги адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушту.
Кесиптештер менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү маселелердин кеңири чөйрөсү, өз ара кызматташуу маселелери ж.б. тууралуу сөз болду.