КР Акыйкатчысы Токон Мамытов РФнын Казань шаарында өткөн Омбудсмендердин эл аралык конференциясында баяндама менен чыгып сүйлөдү

17/05/2019 - 15:59

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов РФнын Казань шаарында өткөн Омбудсмендердин эл аралык конференциясынын ишине катышты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Акыйкатчы Токон Мамытов ал жерде кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча РФ Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Москалькова менен жолугушту. Ошондой эле РФ субьектилеринин омбудсмендери, атап айтканда Татарстан Омбудсмени, Саха (Якутия) республикасынын омбудсмени, Свердлов облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, Краснояр крайынын, Приморье крайынын, Ханты-Мансы автономиялык округунун, Сахалин, Челябинск облусунун омбудсмендери менен ал жактагы кыргыз мигранттарынын ал-абалы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ал жолугушуулар тууралуу сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Акыйкатчы Токон Мамытов аталган координациялык кеңештин жыйынында  баяндама жасады. Төмөндө баяндаманын аудио версиясын (14 мин.02 сек.) сунуштайбыз.

ВЫСТУПЛЕНИЕ ТОКОНА МАМЫТОВА НА КООРДИНАЦИОННОМ СОВЕТЕ  (в приложении аудиофайл продолжительностью 14 мин. 02 сек.)