КР Акыйкатчысы Токон Мамытов параолипиадачыларды жана алардын машыктыруучуларын Ардак грамота менен сыйлады

17/08/2021 - 15:11

Бүгүн, 2021-жылдын 17-августунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов  Токио - 2020 жайкы пара олипиада оюндарында  Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо тууралуу буйрукка кол койду. Кол коюлган буйрукка ылайык, КР Акыйкатчысынын Ардак грамотасы менен параолимпиадачы Хусан кызы Хаитхон (пара дзюдо) жана анын машыктыруучусу Имиянов Канатбек, пара олимпиадачы Базаркулов Арстанбек Келдибекович (пара жеңил атлетика) жана анын машыктыруучусу  Абиров Алмаз  сыйланышты.

КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ведомстволук сыйлыктарын тапшыруу аземине КР Акыйкатчысы Токон Мамытов, анын кеңешчиси В.Бугаев, КР Акыйкатчы  (Омбудсмен) аппаратынын Социалдык-экономикалык жана маданий укуктарды коргоо бөлүмүнүн башчысы С.Касымбекова жана Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаевдин жетекчилигиндеги өкүлдөр катышышты.  

Акыйкатчы Токон Мамытов, пара олимпиадачыларды алдын ала эле Ардак грамота менен сыйлоону чечкенинин себеби, булардын эл аралык мелдештерге лицензия утуп алганынын өзү чоң эрдик деп баса белгиледи. Алардын майтарылбас эркин, жигердүүлүгүн жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын арасында спорттун популярдуулугун арттырууга кошуп жаткан салымдарын жогору баалап, алдыдагы пара олипиада оюндарында спортчуларга жана машыктыруучуларына ийгиликтерди каалады.