КР Акыйкатчысы Токон Мамытов №47 түзөтүү колониясына барды

13/08/2021 - 15:30

2021-жылдын 12-августта Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 түзөтүү колониясында болду.

Иш сапардын жүрүшүндө ал жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылгандыгы үчүн Свердлов райондук соту тарабынан 9 жыл 4 айга эркинен ажыратылган Р. уулу Э. менен сүйлөштү. Ага карата Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырды. Белгилей кетүүчү жагдай, жабырлануучу жана анын апасы тергөө учурунда жана соттордо зордуктоо аракети болбогонун баарын ишендиришкен. Бирок алардын көрсөтмөлөрүн тергөөчүлөр жана соттор эске алышкан эмес.  Р. уулу Э., зордуктоо аракети болбогондуктан өкүмгө таптакыр макул эместигин айтты. Ал ошол учурда аялы жана кызы менен “Карагачевая рощада” болгон. Ал зордуктоо аракети эмес, бейбаштык аракеттер болгонун мойнуна алат. Р. уулу  Э., КР Акыйкатчысынан кылмыш ишин Жогорку Сотто адилеттүү кароого көмөктөшүүнү суранды.

№47 түзөтүү колониясында болгон иш сапарында Токон Мамытов соттолгон А.А. менен да жолукту, ал Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине кайрылуусун тез арада чечкендиги үчүн ыраазычылык билдирди. А.А. мурда ал №47де кармалышына жардам сураган, анткени ал башка соттолгондор менен көйгөйлөрү бар болгондуктан, мурда жаза өтөгөн №8 түзөтүү колониясында болуу кооптуу болуп,  өзүнүн жашоосу үчүн тынчсызданган. Ал ошондой эле туугандары Бишкек шаарында жашаарын, бул алардын №8 мекемеге баруусун кыйындатып жатканын түшүндүргөн. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын тиешелүү кайрылуусунан кийин (28.07.2021), А.А. мурда жаза өтөгөн Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү мекемесине  которулбай,  №47де калтырылганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы ыкчам режим башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу, полковник Н. Сарчаев  (05.08. 2021 -ж.) берген жообунда билдирген. 

Акыйкатчы Токон Мамытов ошондой эле Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти А.Атамбаев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда А.Атамбаев ден соолугунун абалына байланыштуу айрым маселелерди белгиледи.