КР Акыйкатчысы Токон Мамытов №1 тергөө изоляторуна барып А.Атамбаев менен жолукту

27/10/2020 - 11:20

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов, бүгүн 2020-жылдын 27-октябрында №1 ТИЗОго барып,  ал жерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан  мурдагы президент А.Атамбаев менен ал олтурган №104 камерада жолугушту.  Кармоо шарттарына дооматы барбы деген Акыйкатчынын суроосуна  А.Атамбаев белгилегендей, ал жердеги сантехникалык түйүн буга чейин иштебей турган жана түтүктөрдөн суу тамчылап агып турганын белгиледи. Ошондуктан камера ным тартып, жагымсыз жыттан арыла элек.

А.Атамбаевдин  пикиринде,   А.Батукаев, ТЭЦ жана Кой-Таш боюнча сот отурумдары ачык мүнөздө болуп, ага коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле журналисттердин катышуусу камсыздалышы керек.

Тергөө жана сот органдары республиканын буга чейинки жетекчилигинин тапшырмасы боюнча атайылап негизсиз, мыйзамсыз түрдө жабык өткөрүп келишкен, себеби коомчулукка ачык-айкын маалымат белгилүү болуп калат деп чоочулашкан.

А.Атамбаев өз  ден соолугу боюнча, бүгүн  №1 ТИЗОдо медициналык кароодон өткөрүлгөнү жана кан басымы 80/58 болуп түшүп кеткенин маалымдады.

А.Атамбаев Акыйкатчыга кайрылып, аппараттын кызматкерлери тарабынан Кой-Таш окуяларынын башка катышуучуларына Ф.Ниязовго, К.Сагынбаевге баруунун зарылдыгын суранды.

Ошондой эле жаза мөөнөтүн мындан ары өтөө үчүн  чукул арада ЖАМКнын башка мекемесине которулушу керектигин белгиледи.

А.Атамбаев Акыйкатчы Токон Мамытовго  кайрылып, анын үнүн мамлекеттик бийликтин  жетекчилерине жана сот бийлигине жеткирип коюуну суранды.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов А.Атамбаев менен жолугушуудан кийин №1 ТИЗО жетекчиси менен жолукту. Ошондой эле Түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышын  көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында, атайын комиссиянын чечимине ылайык,  А.Атамбаев бүгүн №1 ТИЗОдон 47-түзөтүү мекемесине которулду.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы