КР Акыйкатчысы Токон Мамытов: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезексиз жыйынында аялдарга карата катаал мамилеге байланыштуу маселелерди талдоо зарыл

10/01/2020 - 13:45

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы  Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасы-Вице-премьер-министр Ж. Разаковго кайрылды. Ал өз кайрылуусунда аялдарга карата зомбулук маселелерин Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезексиз отурумунда кароону сунуштады.

Кайрылууда төмөнкү маселелер камтылган. “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты  өлкөбүздө болуп жаткан аялдарга карата катаал мамилеге байланыштуу окуяларга тынчсыздануусун билдирет.

Белгилүү болгондой, аялдарга карата катаал мамиле орун алган Баткен жана Нарын облусунда болгон эки окуя баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүттү. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болушту.

Аялдарга карата үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун деңгээли жогору бойдон калууда. Маданиятына, улутуна, дин тутумуна, билим деңгээлине карабастан,  ар түрдүү  социалдык-экономикалык топтогу аялдар үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып келишет.

Зордук-зомбулук көрсөтүү жүрүм-туруму жубайлар ортосунда кадыресе көрүнүшкө айлангандыктан, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун масштабы жогорулаган. Айрым аялдар уруп-сабоо, коркутуп-үркүтүүгө чыдап жүрө беришет, мунун аягы трагедияга алып келген учурлары бар.  

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынын чукул арада өткөрүп, анда аялдарга карата катаал мамилеге байланыштуу маселелерди талдап, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту болтурбоо жана жоюу боюнча чараларды көрүүнү суранам”,-деп жазылган кайрылууда.