КР Акыйкатчысы Токон Мамытов КР ИИМге барып, Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча түшүндүрмө талап кылды
Ош шаарынын аэропортунда Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирет.
Бүгүн, саат 23-00гө жакын КР Акыйкатчысы Токон Мамытов КР ИИМ имаратына келип нөөмөтчүдөн Ош шаарында кармалып, Бишкекке алып келинген Орозайым Нарматовага карата сотко чейинки өндүрүш иштерин алып барып жаткан тергөөчүгө өткөрүүнү суранды.
КР ИИМ нөөмөтчүсү КР Акыйкатчысына нөөмөтчү тергөөчү Зикиралиев Улан менен телефон аркылуу сүйлөштүрдү. У.Зикиралиев Акыйкатчынын Орозайым Нарматова менен жолугушуу ниетин өз жетекчилерине айтууну убадалады. Бирок андан кийинки телефон чалууларга У.Зикиралиев жооп берген жок. Ошол себептен Токон Мамытов нөөмөтчүдөн КР ИИМдин жетекчи курамынан нөөмөтчүнү чакырууну талап кылды. Бир аз убакыт өткөн соң Акыйкатчыга полковник Сапарбек Аманкулов чыгып, КР ИИМ алдын ала тергөө бөлүм башчылыгын айтты.
Аны менен сүйлөшүүдө Акыйкатчы О.Нарматова менен жолугуп сүйлөшүүнү камсыздоону суранды. С.Аманкулов ага бир сааттай мурда О. Нарматовага карата бардык тергөө аракеттери аяктаганын, учурда ал үйгө кое берилгенин, аны менен иш алып барган тергөөчүлөр үй-үйүнө кетишкенин, учурда ИИМ имаратында тергөөчүлөр жоктугун маалымдады.
Ошондон кийин Токон Мамытов С.Нарматованын туугандары жана Орозайымды колдоп, ИИМ имаратына келишкен башка адамдар менен жолугушту. Акыйкатчы аларга полковник С.Аманкуловдон алган маалыматтарды билдирди. Аны уккан Орозайымдын эжеси жана башка адамдар КР ИИМ имаратынын жанында саат 18ден бери турушканын, ал жактан Орозайым чыкпаганына нааразы болушту.
Андан кийин ал жерде тургандардын бири – Мирлан Ураимов Акыйкатчыга О.Нарматова менен байланышканын, ИИМ кызматкерлери аны аэропортко алып баратышканын Орозайым айтканын, андан кийин телефон байланышы үзүлүп калганын маалымдады.
Акыйкатчы Токон Мамытов Орозайым Нарматова менен вотсапп аркылуу билдирүү жазып, ага жооп алды. Орозайым өзүнө карата эч кандай коркутуу жана кысым болбогонун маалымдады. Ошондой эле ал үчүн тынчсызданып, кабар алганы үчүн Акыйкатчыга ыраазычылыгын билдирди.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов КР Башкы прокурору К.Зулушевге кайрылып, төмөнкү маселелерди көтөрүү ниетинде:
Биринчиден, О.Нарматованын Ош аэропортунда кармалуу фактысын териштирүү;
Экинчиден, айрым маалымат агенттиктеринде жазылгандай О.Нарматова күбө катары суралган, анда аны кармап, Бишкекке алып келүүнүн зарылдыгы бар беле, аны эмне үчүн баштапкы кармаган жеринде суракка алышкан жок;
Үчүнчүдөн, О.Нарматовага баштапкы айыптоо КР Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууда айыпталып жатканын КР ИИМ маалымдаган, кийинчерээк ал “күбө катары чакырылган жана суралган” болсо, аны кармоо мыйзамдуубу?.
Орозайым Нарматова жарым жыл ичинде эң жакын эки адамынан: апасынан жана бир тууган агасынан айрылганын эске алуу менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Орозайымга карата адамгерчиликти жана кичипейилдиктин көрсөтүүлөрү керек болчу,- деп эсептейт Токон Мамытов.