КР Акыйкатчысы Токон Мамытов КР Башкы прокуроруна жана сот органдарына кайрылып, Д.Нарымбаевге карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү маселесин кароону суранды
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын өкүлдөрү укук коргоо органдары тарабынан коррупцияга айыпталып, тергөө камагына алынган Д.Нарымбаевге барышты.
2021 -жылдын 9-июнунда Данияр Нарымбаев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө абагына камалган.
Камакта жатканда Д.Нарымбаев оор абалда «Бикард» клиникасына жаткырылган, анда ага бир катар диагноздор («КБС. Стенокардия напряжения ФК III. Атеросклероз аорты, коронарных артерий. Гипертоническая болезнь II степени, высокого риска. СНФК II- III. Эки тараптуу полисегментардык пневмониянын оор өтүшү, тяжёлое течение (вероятнее вирусного генеза КТ-3, вовлечение паренхимы легких более 50%)» коюлган. 4 күндүн ичинде эле патологиялык процесске өпкө сезгенүүсүнүн даражасы 30% дан 50% га чейин жогорулаган. Ошол эле учурда, дарыгерлер оорунун күчөшү мүмкүн экенин айтышат.
Акыйкатчынын өкүлдөрү “Бикард” клиникасына барып, Д.Нарымбаевге жолугушканда, өпкөсүнүн чоң жабыркоосу бардыгы жана кризистен чыгып, кийин калыбына келген учурда да зарыл болгон кычкылтекти дайыма колдоп туруу зарылдыгын белгиленди.
Мындан тышкары, татаал эки тараптуу полисегменталдык пневмония жүрөк -кан тамыр ооруларын күчөтүп жиберген жана дарыгерлер айткандай, камакта кармоо Д.Нарымбаевдин ден соолугун кескин начарлатат, миокард инфарктынын коркунучу жогору.
Жогоруда айтылган жагдайларда Д.Нарымбаевдин саламаттыгынын абалы укук коргоочулардын тынчсыздандырууда, аны камакта кармоо толук дарылоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат жана ушуну менен анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат деп эсептейт, Акыйкатчы.
Бейтаптын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн, анын оор абалын жана толук кандуу дарылоо зарылдыгын эске алуу менен, КР Акыйкатчысы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушевге жана сот органдарына өтүнүч менен кайрылды. Кайрылууда Д. Нарымбаевдин эркиндигинен ажыратууга байланышпаган бөгөт коюу чараларына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн кароону суранган.