КР Акыйкатчысы Токон Мамытов: Консилиумдун корутундусу Ф.Ниязовдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө негиз болот

30/03/2021 - 15:35

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын укук коргоо органдары жана башка органдар тарабынан эркиндикти чектеген жана эркиндигинен ажыратылган жерлерде адам укуктарынын сакталышы бөлүмүнүн кызматкерлери 2021-жылдын 23-мартында Бишкек шаарындагы №1 ТИЗОго барышкан. Алар абактагы адамдар менен сүйлөшүшүшкөн, алардын арасында Ф.Ниязов менен да маектешкен. Ф.Ниязов 2020-жылы  9-октябрдагы Бишкекте “Ала-Тоо” аянтындагы окуялар боюнча 10-октябрда КР Жазык кодексинин 43 (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 264 (Массалык баш аламандыктар) беренелери боюнча кармалып, прокуратуранын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча Биринчи май райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүндө тандалган. Учурда ал бөгөт коюу чарасы 10-апрелге чейин узартылган.

Белгилеп коюу керек, 2021-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу  академик Мирсаид Миррахимов атындагы  улуттук кардиология жана терапия борборунун адистеринен турган консилиум Ф.Ниязовго – III даражадагы гипертониялык оору диагнозун койгон. Бул диагноз  КР Өкмөтүнүн 2018-жыл 20-июндагы Токтому менен бекитилген “Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө” тизмеге кирет.

Консилиумдун бул корутундусу Ф.Ниязовдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү үчүн негиз болот.   

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов КР Башкы прокурору К.Зулушевге кайрылып, бул маселени карап көрүп, КР мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алууну өтүндү.