КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Казакстандагы кесиптешине кайрылып, Сагарчин Казакстан –Россия чек ара пунктунда турган жарандарыбызды Мекенге кайтарууда көмөк көрсөтүүнү суранды

18/03/2020 - 15:13

Акыйкатчы Токон Мамытов Казакстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Азимовага кайрылып, учурда  Сагарчин Казакстан –Россия чек ара пунктунда турган жарандарыбызды Мекенге кайтарууда көмөк көрсөтүүнү суранды.

COVID-19 коронавирусунун чыгышына байланыштуу Казакстан өз аймагына дипломатиялык кызматтын  персоналдарын, Казакстан Республикасынын ТИМинин чакыруусу Казакстанга келүүчү чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын делегацияларынан башкаларга  кирүүгө тыюу салган эле.  

Акыйкатчы белгилегендей, Казакстан бийлигинин вируска каршы иш чараларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын 223 жараны «Сагарчин» чек ара постунда аргасыздан кармалып турушат, алардын ичинде аялдар жана балдар да бар. Казакстан тарабынан киргизилген чектөөлөр тууралуу алар ушул өткөрмө пунктуна келишкенде гана билишкен, ал жерде зарыл шарттар жок жана адамдар автоунааларда жылынууга аргасыз болушууда.

Өз жообунда  Казакстан Республикасынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова, Казакстан Республикасынын Президенти өзгөчө кырдаал жарыялагандыктан, башка мамлекеттин жарандарын өз аймагы аркылуу өткөрө албастыгын белгилеген. Бул жоопту эске алуу менен Кыргызстан тиешелүү кайрылуу менен Россия Федерациясынын бийлигине кайрылып, Кыргызстандын жарандарын Мекенине кайтаруу боюнча көмөк көрсөтүүнү суранган.

Ал эми Гоадан (Индия)  Алматы шаарынын аэропортуна келген жарандарыбыз боюнча, Э.Азимова белгилегендей, КР ТИМ Казакстан Республикасынын бийлигине тиешелүү Нота жолдоосу зарылдыгы белгиленген. Ошондой эле Кыргызстан Алматыгаталаптагыдай жабдылган автоунаа жана врач-эпидемиологдорду жөнөтүп, Кыргызстандын жарандарын ал жактан алдырууга болот.  

Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча КР Өкмөтүнө маалымдалган жана тиешелүү чаралар көрүлүүдө.