КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Германиянын КРдагы Элчиси Габриэла Геллил айым менен жолукту
07/09/2021 - 14:43
Бүгүн, 2021-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кеңсесинде Акыйкатчы Токон Мамытов менен Германиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Габриэла Геллил айым менен жолукту. Бул жолугушуу Габриэла Геллил айым үчүн таанышуу мүнөзүндө болду.
Жолугушуу учурунда тараптар адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелерин талкууга алышты. КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтунун ишмердигинин багыттары жана облустук өкүлчүлүктөрүнүн иштери тууралуу маалымат берди.