КР Акыйкатчысы Токон Мамытов: Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго байланыштуу окуя абдан дыкат иликтөөнүүгө тийиш

09/01/2020 - 13:52

Бүтүндөй дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда тилекке каршы, журналисттик кесип кооптуу болуп баратканы өкүнүчтүү. Бул айтылганды Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго байланышкан акыркы окуя далилдеп турат.

ММК өкүлдөрү, өзгөчө эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кийинки он жылдыкта тобокелдикке дуушар болуп жатышат.

Бүгүнкү коомдо массалык маалымат каражаттарынын ролу ушунчалык жогору болгондуктан, аларды көп учурда “төртүнчү бийлик” деп аташканы бекеринен эмес. Бирок, ушул “төртүнчү бийликтин” өкүлдөрү коркунучтарга кептелүүдө.

Чоң суммадагы доо коюлган соттук териштирүүлөр, коркутуп-үркүтүү же уруп-сабоо фактылары катталган учурлар болуп атат.   

Коомчулук журналисттик кесипти сыйлашы абзел, эгерде анын позициясына  жана ишинин жыйынтыгына макул болбогон жагдайда, калем сабынан башка куралы жок корголбогон журналисттердин абалын огобетер курчутпастан,  бир гана мыйзамдын алкагында жана укуктук талаада гана иш алып барышы керек.                               

Белгилей кетсек, ММК өкүлдөрүнө байланыштуу бардык окуяларды Акыйкатчы аппараты көз жаздымга калтырбастан, жарандардын маалыматка эркин жетүү укуктарын коргоодо жигердүү чараларды көрүп келет. 

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго байланыштуу болгон окуя КР ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, дыкат иликтениши керек-деп эсептейт Токон Мамытов.