КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Евробиримдиктин өкүлдөрүн кабыл алды

24/04/2019 - 10:31

24-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Евробиримдиктин элчиси, Евроюиримдиктин Борбордук Азиядагы Атайын өкүлү Петер Бурианды,  Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэрди жана Кызматташтык боюнча Башкармалыктын жетекчиси Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Шарлот Андриенди кабыл алды.

Жолугушуу учурунда КР Акыйкатчы аппараты тарабынан буга чейин ишке ашырылып жаткан жана болочокто  Европа Биримдигинин жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчилиги менен мүмкүн болуучу чогуу ишмердүүлүктүн багыттары каралды.

Атап айтканда, тараптар Европа Биримдигинин Борбордук Азиянын Омбудсмен институттарын колдоо боюнча жаңы стратегиясынын алкактарында Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө өз ара аркеттенүүнүн приоритеттерин талкуулашты.

Акыйкатчы Токон Мамытов белгилегендей, ар кандай мамлекетте адам укуктарын натыйжалуу коргоону ишке ашыруу соттордун көз карандысыздыгы жана процесстин бардык катышуучулары тарабынан мыйзамдарды жана тиешелүү эл аралык пактыларды кыйшаюусуз аткарганда гана мүмкүн болот, мындай иштерди адилет кароо кепилдениши керек,-деп белгиледи.

– Биздин чогуу иш аракетибиз Кыргызстандын жарандарынын конституциялык укуктарын коргоого багытталган болууга тийиш жана өлкөнүн улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгына кайчы келбеши керек. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана  ачыктык -булар Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери өз ишинде кармануучу принциптер,-деп баса белгиледи КР Акыйкатчысы.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында иштиктүү алаканы жана укук коргоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү улантуу чечими бир добуштан кабыл алынды.