КР Акыйкатчысы Токон Мамытов ЕККУ/ДИАУБ шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын жетекчиси Томас Бозеруп менен жолугушту

02/10/2020 - 16:33

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов  КР БШК чакыруусу менен биздин өлкөгө келген эл аралык байкоочулар  ЕККУ/ДИАУБ шайлоого байкоо жүргүзүү  миссиясынын жетекчиси  Томас Бозеруп  жана укуктук маселелер боюнча эксперт Армен Мазманянды жана шайлоолор боюнча эксперт Андрей Краснянскийди кабыл алды.

Томас Бозеруп бул жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн КР Акыйкатчысына ыраазычылыгын билдирди..

Жолугушуу учурунда 4-октябрда Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолор талкууланды. Өлкөдө демократиянын негиздерин чыңдоонун жана адам укуктарын  коргоонун маанилүүлүгүнө токтолушуп, алардын арасында эң негизгиси болуп жарандардын шайлоо жана шайлануу  укуктары негизги укуктарга кирээри баса белгиленди. Ошондой эле, тараптар алдыда боло турчу парламенттик шайлоолор бардык мыйзамдык ченемдерди сактоо менен өтөөрүнө ишеним билдиришти.