КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Э. Көкөевди кескин чарага барбоого үндөп, сабырдуулукка чакырды
Бүгүн, 2019-жылдын 30-декабрында КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) отставкадагы полковник Эсентур Көкөевди кабыл алды. Ал КР Чек ара кызматынын турак-жай боюнча комиссиясы чыгарган мыйзамсыз жана адилетсиз чечимине (анын айтымында) карата нааразычылыгын билдирип, өзүн-өзү өрттөйм деп коркутуп көчөгө чыккан.
Арыздануучунун айтымында, Чек ара кызматынын комиссиясы анын турак-жайга болгон укугун бузган. Медициналык-эмгек комиссиясынын корутундусу (ВТЭК) боюнча, ошондой эле анын эмгектери эске алынып, 10 чарчы метр кошумча квадратура аянтка ээлик кылууга укугу бар экендигин айтат. Э. Көкөев Чек ара кызматында иштеп жүрүп ден-соолугунан ажыраганын, анын натыйжасында 2-топтогу майыптыкты алганын айтат.
КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Э. Көкөевди кескин чарага барбоого үндөп, сабырдуулукка чакырды.
Бул жолугуушуга Чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ч. Буржуев, Чек ара кызматынын командасынын төрагасы Р. Турдалиев жана КР Акыйкатчы аппаратынын алдында түзүлгөн аскерлердин укуктарын коргоо боюнча коомдук кеңештин төрагасы А. Сартаев да катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, КР Чек ара кызматынын командасы, Чек ара кызматынын турак-жай боюнча комиссия жана Э. Көкөев менен бирге Чек ара кызматынын ичинде келип чыккан маселени талкуулоо жана бул маселени чечүү жолдорун талкууламай болушту. Э. Көкөев буга макул болуп, Акыйкатчынын кеңсесинен чыгып түз эле Чек ара кызматынын кеңсесине кетти.
Акыйкатчы аталган ишти өз көзөмөлүнө алды.