КР Акыйкатчысы Токон Мамытов ClickHelp Bot жана «Burulay» долбоорун иштеп чыгышкан жаштар менен жолугушту
Бүгүн, 2020-жылдын 18-майында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте БУУ жана Европа Биримдигинин “Жарык нуру” биргелешкен демилгесинин колдоосу менен 6-7-майда өткөргөн биринчи онлайн-хакатондун жеңүүчүсү болгон жаштарды кабыл алды.
Биринчи орунду алган команданын курамындагы Эдиль Байызбеков, Анастасия Бражникова жана Дмитрий Сухоруков«ClickHelp Bot» долбоорун иштеп чыгышкан. Команданын пикиринде, ClickHelp Bot – аялдарга жана жаштарга үй-бүлөдөгү зомбулуктун белгилерин тааныганга, ошондой эле аларды жакынкы кризистик борборлор жана психологдор менен байланыштырууга жардам берет.
Ошондой эле, «Burulay» долбоорун иштеп чыгышканы үчүн экинчи орунду алган команданын курамында Дмитрий Новиков, Дастан Алымбеков жана Малика Боотаева аттуу жаштар бар. Долбоордун максаты- үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча чечимдерди бир санарип аянтчасында бириктирүү эле.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жаштарды жакынкы жеңиши менен куттуктап, адам укуктары, адам укуктары боюнча көйгөйлөр программалоонун негизги темасына айланганына жана аталган жаштар буга карата IT чечимин тапкандарын баса белгиледи. Кыргызстандын Акыйкатчысы алардын идеяларын колдоп, мындан ары бул чечимдерди иш жүзүнө кантип ашырууга болоору жөнүндө ой бөлүштү.
Акыйкатчы менен жаштар арасында кызыктуу пикир алышуу болду. Жаштар өкүлдөрү аялдарга жана балдарга карата зомбулукка байланыштуу маселелерди чечүү боюнча көз караштары менен ой бөлүштү. Акыйкатчы жаштардын идеяларын адам укуктары чөйрөсүнө пайдаланууну иштеп чыгуу үчүн аялдардын жана балдардын укугу жаатындагы эксперттер, кризистик борборлордун кызматкерлери менен жумушчу жолугушууну уюштурууну сунуш кылды. Жолугушуу уюштурууну КР Акыйкатчы аппараты өзүнө алат.