КР Акыйкатчысы Т.Мамытов “Адам укуктары жазык сот адилеттиги тутумунда” форумунун ишине катышты

06/12/2019 - 15:25

2019-жылдын  5-декабрында Эл аралык адам укуктарын коргоо күнүнө карата уюштурулган “Адам укуктары жазык сот адилеттиги тутумунда” деген аталыштагы Улуттук форум болуп өттү.

Форумдун ишине  КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигинин, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада кылмыш жообуна тартылгандардын  аялуу катмарларынын арасында   адам укуктарынын  корголушуна байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды. Мындан тышкары катышуучулар  абактардагы жаш балдары бар   аялдардын көйгөйлөрүнө дагы токтолушту.

Форумдун катышуучулары ар тараптуу кеңештер, маалымат алмашуу адам укуктарын коргоодогу аракеттерди күчөтө турганын баса белгилешти.

Иш-чаранын соңунда Борбор Азиядагы Абактардын эл аралык реформасы уюму (PRI) Жогорку соттун судьясы  Кеңешбек Токтомамбетовго Кыргызстанда адам укуктарын коргоодогу  кошкон салымы үчүн атайын мааракелик медаль тапшырды.

1948-жылдын 10- декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын  кабыл алган. Бул бардык адамдар  улутуна, динине, тилине,  жынысына, социалдык абалына карабастан  бирдей укуктарга ээ экендигине негиз болуучу  документ болуп саналат.