КР Акыйкатчысы петиция маселелери боюнча коомдук угууларга катышты
Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов бүгүн 26-апрелде КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген “Петицияларды КР Жогорку Кеңеши тарабынан кароонун тартиби жөнүндө ”Жобонун долбоору, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КР Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долдоорлору боюнча коомдук угууларга катышты. Аракеттеги мыйзамдарга петицияларды кароо бөлүгүндө өзгөртүүлөр сунушталган..
Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрага орун басары А.Касымалиева, КР ЖК депутаттары А.Нурбаев, Н.Никитенко, А.Карашев ж.б.лар тарабынан демилгеленген. Коомдук угуулардын жүрүшүндө вице-спикер А.Касымалиева аталган өзгөртүү жана толуктоолорду прещентациялап, кеңири айтып берди. Ошондой эле мыйзам долбоорлорун демилгелеген калган депутаттар да өзгөртүү, толуктоолордун маани, маңызына кеңири токтолушту.
КР Акыйкатчысы Токон Мамытов тарабынан бир катар сунуштар жана калоолор айтылды. Алар петициянын демилгечиси же демилгечи тобу кандай каражаттардын эсебинен иш жүргүзөт, анткени 5000 же 10 миң кол чогултуу чоң эмгек, атайын фонд түзүү зарылдыгы келип чыгат. Фондду чет өлкөлүктөр, эл аралык уюмдар же өкмөттүк эмес уюмдар каржылабашы керек деген оюн ортого салды.
Токон Мамытов ошондой эле, аскер кызматкерлери өз ишинин спецификасына ылайык кандайдыр бир петициянын даярдоодо же кол чогултууну уюштурууга катышпасы керек деген толуктоону сунуштады. Акыйкатчынын пикиринде ошондой эле өлкөнүн коргоо жана коопсуздук маселелерине байланышкан маселелер петицияга кирбеши керектигин баса белгиледи.
–Жогоруда аталган Жобонун долбоорунда демилгечи топту каттоонун мөөнөтү 30 календардык күн катары аныкталган. Бирок, маанилүү маселелер боюнча демилгечини же демилгечи топту каттоо мөөнөтү узактыгы белгиленди, себеби бул аралыкта петицияда каралуучу маселе өз актуалдуулугун жоготушу мүмкүн.
Мындан тышкары, Жобо долбоорунда 5миңден ашуун добуш чогулткан петиция ЖК Комитети тарабынан каралышы керектиги сунушталган, бирок канча мөөнөттө каралуусу аныкталышы керек.
Коомдук угууларга катышкан КР ЖК депутаттары, КР Акыйкатчысы жана жарандык сектордун өкүлдөрү учурда петициялар тууралуу маселенин заманбап экендигине баары макул болушту. Коомдук угуулар дагы уланаары маалымдалды.