КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытовдун өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча кайрылуусу

30/03/2020 - 09:29

Урматтуу мекендештер!

COVID-19 коронавирусунун Бүткүл дүйнө боюнча жана анын ичинде Кыргызстанда жайылып жатканына байланыштуу абалга сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет. Ушуга байланыштуу сиздерди биринчи кезекте тынч болууга, сабырдуулукка жана акыл-эстүүлүккө чакырам. Жакшы ойлонулган чечимдер жана кадамдар гана баарыбызды максатыбызга- бул татаал мезгилди аз жоготуулар менен басып өтүүбүзгө көмөк көрсөтөт.

Дүрбөлөңгө түшпөстөн Өкмөттүн республикалык штабынын, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын коменданттарынын, КР Саламаттык сактоо министрлигинин расмий билдирүүлөрүн гана көңүлгө алууга чакырам, айрым адамдардын социалдык тармактар аркылуу жөнөтүп жаткан фэйк жаңылыктарына, абалды курчутуучу, коомдук коопсуздукка жана калктын саламаттыгына доо кетирүүчү чакырыктарга ишенбөөгө чакырам.  

Зарылдык болмоюн көчөгө чыкпоого, өзүңөрдү жана жакындарыңарды коронавирус жуктуруу коркунучунан оолак болууга чакырам. Обочолонуу жана өзүн өзү обочолоо COVID-19 жайылбоосуна шарт түзөт.

Эгер кимдир бирөөдө кандайдыр бир шектенүү болсо же оорунун кайсы бир көрүнүшү же симптому байкалса, тез арада дарыгерге көрүнүп, алардын айткандарын так аткарып, алардын эмгегин баалоого жана өз ден соолугуңуз жана жакындарыңыздын эле эмес, биз үчүн өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып иштеп жаткан дарыгерлердин да ден соолугуна аяр мамиле жасоо керек.  

Учурда өлкөбүздүн жарымы өзгөчө кырдаал абалында, калган бөлүгү өзгөчө абал шартында  жашап жатат. Албетте бул айрым ыңгайсыздыктарды жана чектөөлөрдү жаратат. Азыр биз “Өзгөчө абал жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын жоболорун аткарууга тийишпиз, анткени бул мыйзам башка ченемдик-укуктук актыларга караганда чоңураак юридикалык күчкө ээ болоорун унутпашыбыз керек. Ушуларга байланыштуу  учурда Кыргызстандын жарандарынын өмүрүн коргоо жана ден соолугун камсыздоо боюнча өз милдеттерин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын жана аскердик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн иштерине түшүнүүчүлүк менен жана урматтоо менен мамиле кылууну суранам.    

Мамлекеттик органдардын ишиндеги анча мынча кемчиликтер жана жетишпегендиктер, ошондой эле айрым ыңгайсыздыктар  коронавирус менен күрөштөгү жеңиштин алдында арзыбаган  эле нерсе.

Мында биз адамдардын эң башкы укуктары жашоого жана ден соолукка укуктарынын бузулбашына умтулушубуз керек. Айрым батыш өлкөлөрүнүн ачуу тажрыйбасы биз үчүн сабак болушу керек.  

Ошондой эле КР Өкмөтүнө кайрылып, ЕАЭБ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларына - тез арада  көрсөтүлгөн эл аралык уюмдардын алкактарында (ШКУ жана ЕАЭБ) COVID-19 коронавирус пандемиясы менен күрөшүү үчүн жалпы фонд түзүү;  

– азык-түлүк, айыл чарба продуктыларын, дары-дармекти жана башка биринчи керектөөдөгү товарларды ташуу үчүн “жашыл коридорду” тезинен уюштуруу  демилгеси менен чыгууну сунуштайм.