КР Акыйкатчысы менен «Бир дүйнө-Кыргызстан укук коргоо кыймылы» коомдук бирикмеси кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бүгүн, 2019-жылдын 26-мартында КР Акыйкатчысы Токон Мамытов «Бир дүйнө-Кыргызстан укук коргоо кыймылы» коомдук бирикмесинин жетекчисин жана өкүлдөрүн кабыл алды, алар КР Акыйкатчысынын офисине адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюу ниетинде келишкен эле.
Бул макулдашууну талкуулоонун жүрүшүндө белгиленгендей, кызматташуунун эң артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп, улуттук укук коргоо институтунун статусун жогорулатууга байланышкан маселелер болмокчу. Меморандумда Кыргызстандын укук коргоо уюмдарынын кызматкерлерине, айрыкча жер-жерлерде иштеген укук коргоочуларга адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү усулдарды жана тажрыйбаларды колдонуу боюнча билимдерин тереңдетүү, универсалдык мезгилдик серепке материалдарды жыйноо маселелери болуп саналат.
Жолугушуунун аягында, Акыйкатчы Токон Мамытов Меморандумдун жоболорун жүзөгө ашыруу республикабыздагы адам укуктарын жана эркиндиктеринин абалын кыйла жакшыртууга шарт түзөөрүнө ишенимин билдирди.