КР Акыйкатчысы Борбор Азия боюнча БУУ КЖКБ өкүлдөрүн кабыл алды

12/07/2019 - 12:12

Акыйкатчы Токон Мамытов Борбор Азия боюнча регионалдык өкүл г-жа Ясуко Оданы, ошондой эле Бишкектеги БУУ КЖКБ офисинин башчысынын милдетин аткаруучу Аяна Казыбаеваны кабыл алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар КР Акыйкатчы институтунун жана БА БУУ КЖКБ (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) регионалдык өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү жана иштеринин приоритеттүү багыттары туурасында маалымат алмашышты.

Ошондой эле качкындардын, жер которгондордун, мекенине кайткандардын жана жарандыгы жоктордун, өзгөчө тарыхый Мекенинде сыяктуу эле алар тарабынан тандалып алынган өлкөлөрдө туруктуу жашоо үчүн аларга жарандыкты жана паспортторду берүүгө байланыштуу маселелерди чечүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлчүлүктөрү тарабынан колдонулган негизги векторлорго жана методдорго тиешелүү маселелер талкууланды.

Ирактан жана Сириядан балдарды Кыргызстанга кайтаруу, аларды светтик коомго аралаштыруу, ошондой эле мамлекет тарабынан медициналык жардамды, билим берүү кызматтарын жана Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешелүү башка конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылууда аларга бирдей укуктарды берүү маселелери өзүнчө тема катары талкууга алынды.

Жолугушуунун аягында Токон Мамытов жана г-жа Ясуко Ода бири-бирине ишеним көрсөтүү менен Акыйкатчы аппаратынын жана БА БУУ КЖКБ регионалдык өкүлчүлүгүнүн мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташуусуна болгон аракеттерди бекемдешти.