КР Акыйкатчысы Бишкектеги медициналык лабораторияларды абактагы жаранга кайрымдуулук көрсөтүүгө чакырат

03/06/2021 - 12:43

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) аппаратына  Бишкектеги №47чи түзөтүү колоноясында кармалып жаткан Д. уулу А. аттуу жаран кайрылган.

31.05.2021 Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери аталган колонияга барышып,  Д. уулу А. менен жолугуп сүйлөштү.  

Сүйлөшүү учурунда арыз ээси "эхинококк" оорусуна чалдыкканын, ошого байланыштуу квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн көмөк кылууну суранды.

№47 түзөтүү колониясынын фельдшери менен баарлашуу учурунда Д.уулу А.га хирургиялык кийлигишүү (операция) керек экендиги аныкталды.

Операцияны жүргүзүү үчүн, арыз ээси Д.уулу А.га оорунун канчалык деңгээлде экендигин аныктоо жана дарылоо тактикасын аныктоо үчүн томографиядан өтүү керек.

Соттолгон Д.уулу А.нын томографияны төлөөгө мүмкүнчүлүгү жана каражаты жок. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги жогорудагы процедурадан акысыз өтүүнү караштырышкан жок.

Арыз ээси Д. уулу А.га томографиянын 3 түрүнөн (баш, өпкө жана ич көңдөйү) өтүшү керек, алардын ар бири 3900 (үч миң тогуз жүз) сом (3900 x 3 = 11700 сом).

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) компьютердик томография жасаган медициналык лабораторияларды томография тартуу түрүндө кайрымдуулук кылып жардам берүүгө чакырат.