КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын Нооруз майрамы менен куттуктоосу!

21/03/2022 - 15:08

Урматтуу кыргызстандыктар, жаздын, жаңылануунун майрамы-Нооруз менен куттуктайм!

Бул жыл жаңылануунун, өлкөдөгү жаратман өзгөрүүлөргө ар бир адамдын шыктануусунун, өмүрдөгү кубанычтуу окуялардын жылы болсун! Акыйкат издөөдө ар бирибизге эч качан талыкпастан, астейдил, чынчыл болуп, өз жолун улантуу өтө маанилүү. Күн-түндүн теңелиши, табияттагы адилеттүүлүктүн символу катары кызмат кылат, өз убагында жаратылыш жанданып, өмүрдү, гүлдөөнү, үмүттү, кутту баарына тегиз тартуулайт!

Ар бириңиздерге бакубат ден соолук, сүйүү, жүрөктө жана иштерде чын пейилди каалайм! Ар бир күнүбүз коомдук кызыкчылык үчүн кызмат кылууга, бири-бирибизге жана табиятка аяр жана урмат менен мамиле кылууга үмүт жана күч-кубат берсин!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Акыйкатчысы (Омбудсмени)

Атыр Абдрахматова