КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова менен жолугушууда ВИЧ менен жашаган адамдардын көйгөйлөрү талкууланды

22/03/2022 - 15:03

Бүгүн, 2022-жылдын 22-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова КР Акыйкатчы аппаратынын алдында түзүлгөн ВИЧ менен жашагандардын маселелери боюнча кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту.   

Жолугушууга юридикалык жактар уюмдарынын Антиспид ассоциациясынын аткаруучу директору Бакирова Ч.А. жана Кыргызстан  Сорос фондунун коомдук саламаттык сактоо программасынын  өкүлү Айпери Бообекова катышты.

Жолугушуу учурунда соңку эки жыл ичинде Акыйкатчы институту менен аталган Кеңештин чогуу-чаран өткөрүлгөн иштеринин жыйынтыктары талкууланып, ВИЧ-инфекциясынын алдын алуу жана дарылоо программаларынын алкактарында калктын аяр катмарларынын укуктарын коргоо боюнча алдыдагы боло турчу иш чаралар талкууланды.  

Ошондой эле ВИЧ менен жашаган адамдардын укуктарынын бузулууларынын конкреттүү мисалдарына  токтолушуп, алар боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди.   

КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова калктын аяр катмарынын укуктары өзгөчө көзөмөлдө турганын айтып, бул боюнча Акыйкатчы Аппаратынын Социалдык-экономикалык укуктарды коргоо бөлүмүнө тиешелүү тапшырмаларды берерин кошумчалады.

Акыйкатчынын алдындагы Кеңештин отуруму квартал сайын өткөрүлөт, кезектеги отурум чукул арада болоору жана калктын аяр катмарынын маселелери ошол отурумда талкууланаары айтылды.