КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова КР ИИМ министринин орун басары менен жолугушууда лифтте жарандын каза болгон фактысын териштирүүнүн жүрүшү тууралуу маселени көтөрдү

18/03/2022 - 15:07

Бүгүн, 2022-жылдын 18-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова КР ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаев менен жолугушту, анда эркек кишинин лифтте көз жумган фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде тергөөнүн жүрүшү талкууга алынды.

Мурда жалпыга маалымдоо каражаттарынан белгилүү болгондой, 2022-жылдын 11-январында Улан-1 кичи районунда 38 жаштагы киши (А.К.) каза болгон.   Трагедия ал лифтке коляскадагы баласы менен кирип бартканда болгон. Лифт белгисиз себептерден улам, өзүнөн өзү жүрүп кеткен, натыйжада, эркек киши лифттин эшигине кыпчылып калып жеринде каза болгон, бактыга жараша, бала жабыркаган эмес.   

Атыр Абдрахматова ИИМ министринин орун басарына кайрылып, бүгүнкү күндө каза болгондун жесири жашы жетпеген беш баласы менен турмуштук оор жагдайда калганын, анын жолдошу тирүү кезинде үй-бүлөнүн жападан жалгыз багуучусу болгонун маалымдады. Тергөө иштери 3 айдан бери жүрүп жатат, бул аралыкта  укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн да, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү да бир да жолу бул аял менен байланышкан эмес деп маалымдады Акыйкатчы.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Акыйкатчы бул факты боюнча тергөө амалдарын тездетүүнү суранды.

 Э. Аширходжаев бул иш боюнча тергөөнү өз көзөмөлүнө алаарын жана чукул арада трагедиянын өзүнө да, анын себептерине да тиешелүү укуктук баа берилерин белгиледи.