КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана “Адилет” клиникасынын өкүлү менен жолукту

07/03/2022 - 14:56

Бүгүн,  2022-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова Европа Биримдигинин жана Германиянын Федералдык Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлинин (BMZ ) “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” программасынын өкүлдөрү Исаков Болот жана Самыйбекова Бегимай жана “Адилет” укуктук клиникасынын өкүлү Осмоналиева Айнура менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда Атыр Абдрахматова белгилегендей, жыл сайын Акыйкатчы аппаратына 10 миңден ашуун адам кайрылат, алардын 60%дан ашууну – Акыйкатчынын компетенциясына жана укуктук мандатына кирбеген арыздар, ошол себептен туура эмес дарекке кайрылган арыз ээлери нааразы болушуп, Акыйкатчы аппаратын начар иштеди деп туш келди жамандашат. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы тезинен кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи, бул мыйзам улуттук укук коргоо мекемелерине коюлуучу талаптарга толугу менен жооп берүүгө тийиш. Ошондой эле, Акыйкатчы институту 2012-жылдын март айында  БУУнун Эл аралык координациялык комитетинде “B” статусуна аккредиттелген. Бул Париж принциптерине толук эмес ылайык келет дегенди билдирет. Андан бери 10 жыл убакыт өтсө да, Акыйкатчы институту “А” статусуна ала албай келет.

Менин биринчи кезектеги милдетим – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна элдин ишенимин арттыруу”, – деп белгиледи А.Абдрахматова.

Тараптар кызматташуу маселелерин, учурдагы иштерди жана биргелешкен пландарды талкуулашты. Жолугушуунун алкагында Программа Акыйкатчы институтунун адам укуктарын коргоо, укук үстөмдүгүн жана сот адилеттигине жетүү боюнча демилгелерине колдоо көрсөтөөрүнө белгиледи. Атап айтканда,  Акыйкатчы институтунун  алдыдагы 5 жылдык стратегиясын түзүү, жарандардын арыздарын кабыл алуу  жана аларды автоматташтыруу системасын  жакшыртуу, Омбудсмен мыйзамын жеткире иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, Акыйкатчынын баяндамаларына колдоо көрсөтүү, Акыйкатчынын вебсайтынын өркүндөтүү жана Акыйкатчы институтунун адам укуктары чөйрөсүндөгү ишин жакшыртуу боюнча андан аркы пландарын колдоо көрсөтүлөөрү белгиленди.