КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Аксы окуяларынын 20 жылдыгы күнү тынч чогулуштар эркиндигине жана сөз эркиндигине чектөөлөрдүн кайгылуу кесепеттеринен сабак алууга чакырат

17/03/2022 - 09:13

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 39-беренесине ылайык, “ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу”.

Ал эми, Кыргыз Республикасы ратификациялаган “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө” Эл аралык Пактынын 21-беренесине ылайык, жарандардын тынч чогулуу укугу таанылган. Бул укукту ишке ашырууга мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөрдөн жана демократиялык коомдо улуттук же коомдук коопсуздуктун, коомдук тартиптин, калктын саламаттыгын же адеп-ахлагын коргоо же башкалардын укуктарынын жана эркиндиктеринин коргоо таламдары үчүн зарыл болгон чектөөлөрдөн башка колдонулбашы керек экендигине кепилдик берилген.

Бул кепилдикти Кыргыз Республикасы милдеттенме катары эл аралык коомчулуктун алдында кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесинде көрсөтүлгөндөй, тынч чогулуш укугун чектөө учурлары так, чыныгы коркунучтарга өлчөмдөш болушу керек.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Конституцияга, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине таянып, Бишкектин Биринчи май райондун аймагында, Орусия Федерациясынын элчилигинин алдында, борбордук Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана Президенттик аппараттын имараттарынын алдында бардык жарандарга тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча Бишкек ш. Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин,  аны күчүндө калтырган сот чечимин негизсиз жана бул чечимдерде көрсөтүлгөн жүйөлөргө өлчөмдөш эмес катары баалайт.

Ар бир адамдын тынч чогулуш эркиндигин чектөө - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык даректүү, негиздүү, айкын (конкреттүү) тынч чогулушка, уюштуруучуга, чыныгы коркунучка карата кабыл алынышы керек жана коопсуздукту камсыздоо максаттарга өлчөмдөш болууга милдеттүү.

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн чечими, аны күчүндө калтырган сот чечимдери,  жалпы жарандардын тынч чогулуш эркиндигин чектөө - жогоруда белгиленген эл аралык милдеттенмелерге, Баш мыйзамга карама-каршы келет. Эл аралык коомчулуктун алдында Кыргызстан адам укуктарын, эркиндиктерин чектеген мамлекет катары баалоого түрткү болот.

Бүгүнкү күнү элибиз менен бирге Аксы окуясынын 20 жылдыгын эскерүү менен, ал каргашалуу окуянын тарыхый сабагын эстен чыгарбоого чакырам. Аксы окуясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары киргендиги бардыгыбызга анык. Ошондуктан жарандардын тынч чогулуш эркиндигин сот же мамлекеттик башка органдар негизсиз чектесе, анын кесепетин Аксы окуясы көрсөткөнүн баса белгилегим келет.