КР Акыйкатчынын орун басары өлкөнүн түштүгүндөгү балдар интернаттарда жана жабык мекемелерде балдардын укуктарынын сакталышын текшерди

18/07/2019 - 11:52

Акыйкатчынын орун басары жана Балдар Омбудсменинин милдетин аткарып жаткан Гүлнара Жамгырчиева аппараттын кызматкерлери менен чогуу 2019-жылдын 8-июлунан 12-июлуна чейин өлкөнүн түштүк региондорундагы балдар интернаттарында жана жабык мекемелерде балдардын укуктары кандай сакталып жатканын текшерүү боюнча иш сапарында болду. 15 мекеме текшерилип, ал жактагы тарбиялануучулар жана кызматкерлер менен жолугушуп, балдардын жашоо-шарттары жана тамактануусуна байкоо жүргүзүлдү.  

Мониторингдин жүрүшүндө Кара-Суудагы дүлөй балдардын атайын интернат тибиндеги бала-бакчасында мамлекет тарабынан ар бир балага деп бөлүнгөн 28 сом алардын толук кандуу тамактануусуна жетишсиз экени билинди.

Ош шаарындагы “Боорукердик” интернат-үйүндөгү кызматкерлер КР Акыйкатчысынын орун басарына жер маселесин чечүүдө көмөк көрсөтүүсүн өтүнүштү. Себеби, мекеменин территориясынын бир бөлүгү шаардык мэрияга караштуу, ал эми бир бөлүгү Кара-Суу районуна караштуу болгондуктан, талаш жаратып келет. “Боорукердиктин” кызматкерлери белгилегендей, бул боюнча Ош шаарынын администрациясына бир нече жолу кайрылышкан жана бир ай мурда Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү кат жолдошкон.

Акыйкатчынын орун басары Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге жана анын биринчи орун басары Байыш Юсуповго жеке жолугушуу учурунда Кара-Суудагы дүлөй балдардын интернат тибиндеги бала-бакчасындагы укук бузууну жана “Боорукердик” интернат-үйү жөнүндө айтылган жер талаш маселени көзөмөлгө алынышын суранып,  алар бул маселе көз жаздымда калбай турганын билдиришти. 

Андан соң  Г. Жамгырчиева РИИБ башчысы Эрнист Сатаров менен жолугуп, Баткен облусундагы 13 жаштагы кыздын 11 жаштагы инисин өлтүрүп койуу себептерин жана  иликтөө иштери кандай жүрүп жатканын сурады. Э. Сатаров кызга карата укук коргоо орган кызматкерлери тарабынан кысым болбогонун, анын укугу бузулбаганын, кызды РИИБ алып келгенге чейин (1 саат мурун) райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан, балдар иштери боюнча комиссиядан, өспүрүм балдардын иштери боюнча инспекциядан кызматкерлер жана балдар психологу жеринде болгонун, кыз менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, ага атайын тийиштүү экспертиза жүргүзүү үчүн Ош шаарынын Психикалык ден-соолук борборуна жөнөтүү чечими  кабыл алынганын маалымдады. 

Ошондой эле Акыйкатчынны орун басары Жалал-Абад шаарындагы ТИЗО-53 барып, ал жакта жаткан 12 (анын ичинен 5 киши өлтүрүү боюнча)  өспүрүм балдардын кармоо шарттарын  текшерди.