КР Акыйкатчыcы (Омбудсмени) эки меморандумга кол койду

09/04/2019 - 11:07

Бүгүн, 2019-жылдын 9-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин тобу “Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун республикалык шериктешиги” коомдук бирикмесинин жетекчиси Г. Кожоярова жана “Медиация улуттук борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси А.Каримбекова менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун маанилүү аспектилери жана жогоруда аталган коомдук бирикмелер менен кайсы тармакта кызматташууга болоору талкууланды.  

Тараптар Акыйкатчы Институту тууралуу, адам укуктарын коргоонун усулдары жана ыкмалары боюнча жана медиация институту жөнүндө калктын маалымдуулугун арттыруу,   КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишмердигине медиативдик  техникаларды кийирүү жана колдонуу маселелери талкууга алынды. Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүктөрү менен медиация институтунун жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү менен кызматташуу маселелери тууралуу да сөз болду.

Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту “Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун республикалык шериктешиги” коомдук бирикмеси жана “Медиация улуттук борбору” коомдук бирикмесинин ар бири менен Меморандумга кол коюлду.  

Тараптар өз ыйгарымдарынын алкактарында өз ара талапмдаш болгон төмөнкүдөй биргелешкен ишмердүүлүктүн төмөнкүдөй багыттарын аныкташты:  

-Тараптардын учурдагы ишмердиги боюнча, жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат алмашуу;

-биргелешкен иш чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу;

-биргеликте тренингдерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүү;

-Тараптардын ишмердигин пропагандалоого багытталган иш чараларды уюштуруу, анын ичинде маалымат каражаттарында  чагылдыруу жана тараптардын интернет-сайттарында маалымат берүү каралган.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Акыйкатчы Токон Мамытов ушуга окшогон меморандумдар жарандык сектордун 10дон ашуун уюмдары менен кол коюлганын белгиледи.  Алардын алкактарында белгилүү иштер жүрүп жатат. Негизги басым калктын аяр катмарынын укуктарын коргоого жасалат: алар балдардын укуктары, аялдардын укуктары, ДМЧАлардын укуктары. Ошондой эле, учурда мигранттардын укуктары, соттолгон аялдардын (айрыкча жаш наристеси менен жаткан соттолгон аялдардын) укуктарын коргоо орчундуу болуп турат.  Тараптар кол коюлган Меморандумдардын алкактарында үзүрлүү кызматташууга ишеним артышты.