КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери “Укук кербени” долбоорунун алкагында Панфилов жана Жайыл райондоруна барышты

18/10/2021 - 09:19

2021-жылдын 18-октябрында «Укук кербени» долбоорунун алкактарында КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын жооптуу кызматкерлери жана Акыйкатчынын Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Панфилов жана Жайыл райондорунун жетекчилери жана жергиликтүү эл менен жолугушту.Жолугушуунун катышуучуларына КР Акыйкатчысынын жана анын облустук өкүлчүлүктөрүнүн адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү ишмердиги, “Укук кербени” долбоорунун максаттары жана милдеттери  тууралуу айтып беришти.

 Чогулгандардын алдында Социалдык фондунун райондук башкармалыктарынын, КР Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин райондук башкармалыгынын башчылары чыгып сүйлөшүп, жарандардын жөлөкпул алуу үчүн кайрылуу тартиби, жөлөкпул дайындоонун тартиби, ошондой эле, 2021-жылдын  1-октябрынан тартып пенсиялардын, ал эми 1-ноябрдан тартып жөлөкпулдардын  өлчөмүнүн жогорулоосу тууралуу сөз болду.

Ачык микрофон форматында өткөн жолугушууларда ар ким суроо берип, тийиштүү жоопторду ала алышты. Жолугушууларга Жайыл районунун акими Т.Түркбаев, Панфилов районунун акими М.Аляскаров, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыктарынын өкүлдөрү, райондордун прокурорлору жана Ички иштер башкармалыктарынын башчылары катышышты.

Мындан сырткары, калктын укуктук маалымдуулугун арттыруу максатында мамлекеттик кызматтарды берүү тууралуу слайд: Милдеттүү медициналык камсыздандырууну тариздөө жана Полистерди берүү”,  “Социалдык алып салуулар-кимге жана эмне үчүн салыктык алып салуулар мүмкүн”, “Окууга байланышкан чыгымдардын, мамлекеттик ипотека боюнча чыгымдардын ордун толтуруу ж.б.” слайддар көрсөтүлдү.

Андан кийин Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзүлдү. Жарандарга оозеки юридикалык консультациялар берилди. Ошондой эле жарандардан жазуу жүзүндө арыздар алынды. Алынган арыздар боюнча андан ары иштер жүргүзүлөт.

Эске салсак, бул долбоорду ишке ашырууга Европа биримдиги жана Германия экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) кошо каржылануучу “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү, 2 фаза” программасы тарабынан колдоого алынган.