КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институту студенттер арасында конкурс өткөрөт

03/12/2018 - 13:39

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсменинин) Аппараты 2018- жылдын 4 декабрында саат 10.00 И. Арабаев атындагы КМУнин (2-й корпус) жыйындар залында 10-декабрь «Эл аралык адам укугун коргоо» күнүнө карата жана Бириккен Улуттар Уюмунун башкы Ассамблеясы тарабынан Адам укутарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына карата «Менин укугум бар!» аттуу аталышта студенттер арасында конкурс өткөрөт.  

Бул иш- чараны негизи максаты: чыгармачыл жаштардын укукка болгон көз карашын, руханий сезимин, атуулдук позициясын көтөрүп, жаштар арасындагы чыгармачыл топтордун аткаруучулук чеберчиликтерин аныктоо менен менен бирге, жаштар арасына укукка болгон билимди кеңири жайылтуу.

Ошондой эле, аталган Универстетте окуп жаткан чыгармачыл, активист студенттердин кызматташтыгын камсыз кылуу менен алардын укуктук деңгээлин профессионалдык деңгээлде көтөрүү үчүн бул иш- чара КР Акыйкатчысы (Омбудсменин) Институту тарабынан демилгеленген.

Аталган кокурста баардыгы 5 команда катышат. Иш- чаранын жыйынтыгында 1, 2 и 3 орунду ээлеген командалар аныкталып, аларга сыйлуу дипломдор, ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана белектер ыйгарылат.

Командалар эн негизги гран-при сыйлык – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсменинин) Кубогу үчүн аттанышат.

Женүүчүлөрдү жюри аныктайт. Жюринин курамында КР Акыйкатчы (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын шаардык Кенешинин депутаты жана жарандык коомдун өкүлдөрү болот.