КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери «Абактагы калктын санын азайтуу жана пробация кызматын өнүктүрүү» аталыштагы экинчи Борбордук Азия II диалогунда катышып жатышат

30/11/2019 - 14:51

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери учурда  Казакстандын Алматы шаарында 28-октябрдан 31-октябрга чейин өтүп жаткан «Абактагы калктын санын азайтуу жана пробация кызматын өнүктүрүү» аталыштагы экинчи Борбордук Азия II диалогунда  катышып жатышат.

Иш чарага аймактагы төрт өлкөнүн: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышып жатышат.  Анын ичинде, пенитенциардык жана сот системасынын, пробация кызматынын, адам укуктары боюнча институттардын, ошондой эле аталган мамлекеттердин бир катар депутаттары, Германиядан, Грузиядан, Улуу Британиядан, Польшадан эл аралык эксперттер катышып, эркинен ажыратуу менен байланышпаган альтернативдүү чараларды колдонуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.   

Конференциянын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөп, Эл аралык түрмө реформасы (PRI) уюмунун Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Азамат Шамбилов: мындай форматтагы өлкөлөр аралык конференция Казакстанда алгачкы жолу өтүп жатканын, эксперттик/диалогдук аянтча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан 2015-жылы кылмыш-жаза сот тутумунда адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарды илгерилетүү максатында түзүлгөнүн белгиледи. Анын сөзүнө караганда бүгүнкү күндө  КМШнын Борбордук азиядагы беш өлкөсүнүн ичинен  пробация институту Казакстанда, Кыргызстанда жана Өзбекстанда иштеп жатат. Түркмөнстанда пробация институту жок, Тажикстанда түзүлүү баскычында жана учурда республиканын өкмөтү менен тийиштүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Талкуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Казаксатанда 2019-жылдын башына карата пенитенциардык тутумдун жабык мекемелеринде  жаза мөөнөтүн 25 миң 892 соттолгон өтөп жаткан (бул сан тергөөдөгү-камактагыларды кошпогондо).  Дагы 34 миң 780 соттолгон жазанын альтернативдүү түрлөрүн өтөп жатышкан. Кыргызстанда ушул эле аралыкта КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын жабык мекемелеринде 9 миң 315 соттолгон адам болгон (бул сан тергөөдөгү-камактагыларды кошпогондо) жана  4 миң 686 адам жазанын альтернативдүү түрлөрүн өтөп жатышкан. Өзбекстанда азыркы учурда 100 миң калкка 94 соттолгон адам  туура келет.  

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын атынан бул иш чарага Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндикти чектеген же эркиндиктен ажыратуу жайларында адам укуктарынын сакталышы бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов жана ушул эле бөлүмдүн жетектөөчү адиси  Абдыкаар уулу Чолпонбек катышып жатат.

Борбордук Азия Диалогу-2019 Улуу Британия Өкмөтүнүн финансылык колдоосундагы   Penal Reform International (PRI) ишке ашыруучу долбоордун алкагында өтүп жатат.