КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппараты Улуттук пробация форумун даярдоого жана өткөрүүгө катышты

12/04/2019 - 10:54

Бүгүн, 2019-жылдын 12-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов, Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев жана Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери “Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган альтернативдүү чараларды өнүктүрүү-Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза мыйзамдарын гумандаштыруунун негизи катары” аталышындагы Улуттук Пробация форумунун ишине катышышты.

Форум  Кыргыз Республикасындагы Европа Бирлигинин өкүлчүлүгүнүн жана Өкүлчүлүктүн башчысы Эдуард Ауэр мырзанын жеке демилгеси боюнча, Эл аралык абак реформасы уюмунун (PRI) Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү, PRI уюмунун Кыргзстанда кыйноолордун алдын алуубоюнча “Кыйноосу жок келечекке” долбоорунун жана Пробация боюнча  Улуттук кеңештин  демилгеси боюнча өткөрүлүүдө. Иш чараны чогуу өткөрүүчүлөр катары КР Акыйкатчы Аппараты, КР Жогорку соту, КР Юстиция министрлиги, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги чыгышты.

Иш чарага катышуу үчүн КР Жогорку Кеңешинин депутаты, КР Жогорку Кеңешинин  конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин мүчөсү А.Алтыбаева;  КР Жогорку сотунун судьясы  Аскар Сыдыков; КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова; КР Юстиция министринин орун басары Максатбек Есеналиев; Penal Reform International (PRI) Эл аралык абак реформасы (Нидерланды) уюмунун Жогорку Башкармалыгынын  Кеңешинин орун басарыI, Еврола Кеңешинин кылмыш-жаза сот адилеттиги маселелери боюнча эксперти,  Европа мейкиндигигинде азыркы пробация идеясынын негиздөөчүсү жана Европадагы Пробация эрежелеринин авторлошу Антон ван Калмсоут; пробацияны өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперт (Румыния) Иоан Дурнеску; Эл аралык Абак реформасы PRI уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары  Жаркынай Усупова; PRI  уюмунун Борбордук Азиядагы аймактык директору Азамат Шамбилов; КРда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору  Нурдин Сулайманов; КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиктин статс катчысы Нурдин Алишеров; КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК коомдук байкоочу кеңешинин төрайымы, “Эгль” КФ директору Чолпон Өмүрканова, КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Бермет Токтогулова ж.б.лар чакырылган..

Бул иш чара 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирген Пробация институтунун маанилүү маселелерин,  анын функцияларын талкуулоого арналган.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп, Пробация Институтунун азыркы Кыргызстандын шартында керектигин, ал бүтүндөй алганда мамлекетке да, жарандык жана укук коргоо коомчулугуна да керектигин белгиледи, анткени бүгүнкү күндө өлкөдө түрмө калкынын санын азайтууга мүмкүн болбой жатат.

– Бул институт канчалык натыйжалуу иштеп кетээрин жана кандай жетишкендиктерге жетишээрин убакыт көрсөтөт. Бүгүнкү жыйында  сөз болгон маселелер өзүнүн логикалык жана ырааттуу уланып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, оң натыйжаларга алып келээрине ишенип туралы. Мындан сырткары, өз ара кызыкчылыкты эске алган жакшы диалог түзүү зарыл,- деп белгиледи Акыйкатчы.

Иш чаранын жүрүшүндө кызуу талкуулар, тематикалык дискуссиялар болду.