КР Акыйкатчы институтутунда өткөрүлүүчү мониторингдердин натыйжалуулугун арттыруунун үстүндө иш жүргүзүлүүдө

03/03/2021 - 17:40

КР Акыйкатчы аппараты тарабынан мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде алдын ала кармоо жайларында, социалдык үйлөрдө, аскер бөлүктөрүндө жана сот органдарында жүргүзүлүүчү мониторингдердин натыйжалуулугун арттыруу максатында “Кылым шамы” коомдук фонду менен биргеликте жаңы инструментарийлер иштелип чыгылды жана жер-жерлерде апробациядан (2021-жыл 15-23-февраль күндөрү) өткөрүлдү.

Жол-жоболорду ишке ашыруу үчүн 8 обьект тандалып алынды, анын ичинде Баткен облусунун Исфана жана Айдаркен шаарларында жайгашкан 2 аскер бөлүктөрү да тандалып алынган. Ал жерге мониторинг жүргүзүлгөн учурда жогоруда көрсөтүлгөн  мекемелердин жетекчилиги жана персоналы тарабынан бир катар даттануулар жана сунуштамалар түштү. Алынган маалыматтар КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери тарабынан дыкат талдоого алынып, андан кийин мамлекеттик компетенттүү органдарга келип чыкан маселелерди чечүүнүн зарылдыгы көрсөтүлүп, тиешелүү кайрылуулар жөнөтүлөт.

Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызматкерлеринин укук коргоочулук дараметин арттыруу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп,  COVID-19 шарттарында адам укуктарынын методологиясын жана мониторингди жакшыртууга багытталды. Иш чара «Кылым Шамы» КФ колдоосунда жана каржылоосунда ишке ашты.