КР Акыйкатчы институтунун жетекчилиги "Кыргызстандын Укуктук клиникалар ассоциациясы" юридикалык жактар ​​бирикмесинин жетекчиси жана өкүлдөрү менен жолугушту

12/04/2021 - 14:46

Бүгүн, 2021-жылдын 12-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов жана Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков "Кыргызстандын Укуктук клиникалар ассоциациясы" юридикалык жактар ​​бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга катышкандар: Наргиза Жеңишева - АЮКК Укуктук клиникалар ассоциациясынын долбоор боюнча адиси;

 Бакиров Артур - "Кыргызстандын укуктук клиникалар ассоциациясы" ЮЖБнын президенти;

Назима Көчкөнбаева - Кыргызстандын укуктук клиникалар ассоциациясынын PR адиси.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Тараптар түзүүгө ниеттенип жаткан Меморандумдун тексти талкууланды.

Ошондой эле, алдыдагы иш-чараларга даярдыктын жүрүшү талкууланды: бул 2021-жылдын 15-апрелинде "Жаш Муун" жаштар борборунда өтүүчү- "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы - Адам укуктарын коргоо институту" квизи.   Форматы - оффлайн режиминде өтөт.

Мындан тышкары 20-апрелде “Акыйкатчы  (Омбудсмен) институту жана пандемия учурунда адам укуктарын коргоону камсыз кылууга жаңы мамилелер” темасында тегерек стол өткөрүү пландаштырылууда.