КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери “Гендердик теңчилик” аталыштагы интелектуалдык квест-оюн өткөрүштү

25/11/2020 - 13:23

Бүгүн, 25-ноябрда аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу боюнча БУУнун Эл аралык күнүндө “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” өнөктүгүнүн алкактарында КР Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын Чүй облустук өкүлчүлүгү,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жаштар иштери департаменти менен биргеликте “Гендердик теңчилик” аталыштагы интеллектуалдык квест-оюн өткөрүлдү.

Бул иш чарада 15 жаштан тартып жаш активисттер катышты, алар Бириккен улуттар уюмунун Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө Конвенциясы тууралуу өз билимдерин тереңдетишип, гендердик зомбулуктун жана кодулоонун түрлөрүнөн корголуу жолдору жана кайрылуу механизмдери боюнча көндүмдөргө ээ болушту. Турнирдин жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.  

Маалымат: Аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча күрөшүүнүн эл аралык күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2000-жылы кабыл алынган. Бул дата 1960-жылдын 25-ноябрында Доминикан Республикасында өлтүрүлгөн эже-сиңди Мирабаль жаркын элесине белгиленген. Башкы ассамблея өз резолюциясында БУУнун тутумунун өкмөттөрүнө жана мекемелерине, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарга бул күнү  аялдарга карата зомбулук маселелерине көңүл буруучу иш чараларды өткөрүүнү сунуштаган.

БУУнун Башкы катчысы өзүнүн 2004-2005-жылдардагы кайрылууларында аялдарга карата зомбулук кеңири жайылган, ал бардык элдерге мүнөздү жана аялдардын расасына, материалдык абалына, тек жайына карабастан туш келишээрин белгилеген. Аялдар зомбулукка укуктук чөйрөдө жана күндөлүк турмушта дуушар болушат.